26- Апрель 1969 -жылы Айкидо мектебинин негиздөөчүсү Морихэй Уэсиба көз жумган

Айкидо мектебинин негиздөөчүсү Морихэй Уэсиба боорундагы рактан улам көз жумган.

Ал 1883-жылы 14-декабрда Япониядагы Танабе шаарында туулган. Бала чагында көп ооруп, эрте эле буддизмдин сингон экзотерикалык сектасын өздөштүрө баштаган. Ошондой эле синтоисттик кудайлар жөнүндө окуп чыккан. Ал физикалык көнүгүүлөрдү жасап, ден соолугун бекемдеп, дене түзүлүшүн да жакшы абалга келтирген. Мектепти аяктаган соң Токио шаарына барып, окуу куралдарын сатуучу дүкөн ачкан. Иши жылышпагандыктан кайра өзүнүн туулган жери - Танабеге кайтып келет. Ал жерден тэндзин син-йо-рю чебери Тодзава Токусабуронун күрөш искусствосу боюнча курсуна жазылат. Бир жылдан кийин ягю-синкагэ мектебинин принциптерин өздөштүргөн. 1903-жылы үйлөнүп, аскерге кызмат өтөөгө чакырылган.

Аскерден келгенден кийин Накаи Масакаци деген спорт чеберинин башчылыгы астында ягю-рю күрөшүн үйрөнөт. Ал жерден күрөш искусствосу боюнча окутуучулук укукту бере турган сертификатка ээ болот. Ал эми 1915-жылы дайто-рю айки-дзюцу мектебинин жетекчиси Такеда Сокаку менен таанышып, ал М.Уэсибаны окутуп, ага дзю-дзюцунун чебери деген диплом тапшырган. М.Уэсиба мындан тышкары көптөгөн күрөш искусствосунун чеберлери менен иштешип, алардын өнөрлөрүн өздөштүрөт. Ошентип, 1925-1926-жылдары өзүнүн күрөшүү искусствосунун техникасын иштеп чыгат. Токиодо мектеп ачып, ал жерден өзү иштеп чыккан куралсыз күрөшүү системин шакирттерине үйрөтөт. 
Ошол эле мезгилде Аскер-деңиз академиясында, Аскер-полициялык академиясында сабак бере баштаган. Анын Омото-кё деген секта менен байланышын өкмөт колдобогондуктан, ал коомдук турмуштан алыстап, мектепти уулу Уэсиба Киссёмарга таштап кетет. Өзү Токионун түндүгүндө ааламды коргоп турган 42 кудайга арнап храм ачкан. Ал жерден М.Уэсиба өзү ойлоп тапкан айкидо күрөш искусствосу менен машыгууну уланткан. "Айкидо" деген аталышты күрөшүү системине 1938-жылы койгон.
Айкидонун аталышы үч иероглифтен турат: ай (合) - кошулуу, гармония; ки (気) - жан дүйнө күчү; до (道) - жол. Спорттун бул түрүнүн негизги принциби - каршылаштын күчүн өзүнө каршы колдонуу. Айкидого каршылашты тең салмактуулуктан чыгаруу мүнөздүү.

1949-жылы Япониянын билим берүү министри Морихэй Уэсибага Токиодо мектеп ачууга уруксат берген. Уэсиба көптөгөн адамдарды айкидого үйрөтүп, 1956-жылы бул спортту коомчулукка көрсөткөн.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан