23- Март 1966 -жылы Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы КСДП фракциясынан депутат Токтогул Туманов төрөлгөн
Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы КСДП фракциясынан депутат Токтогул Туманов Жалал-Абад облусунун Токтогул айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун агроном адистиги боюнча, 2008-жылы Ош мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн.
1984-1986-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн жогорку окуу жайын аяктагандан кийин баштаган. 1992-1996-жылдары Жалал-Абад облусундагы “Келечек” тигүү ишканасында инженер-жабдуучу болуп иштеген. 
1996-2001-жылдары - “Жалал-Абад таттуусу” АКсынын директору;
2001-2010-жылдары - “Келечек” ААКсынын тигүү өндүрүшү боюнча директору;
2004-2008-жылдары жана 2008-2010-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты;
2010-жылдын октябрында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы.
2009-жылы “Мекен жана Ата Журт алдындагы сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан