реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

13-август, 1965-жылы V чакырылыштагы "Ата журт" фракциясынан ЖКнын депутаты Кантемир Мурзабеков туулган

Кыргызстан
V чакырылыштагы "Ата журт" фракциясынан ЖКнын депутаты Кантемир Мурзабеков Таш-Көмүр шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1987-жылы Кызыл-Кыя Тоо-кен техникумунан "электр механик" адистигине ээ болгон. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "электр станциялар" адистиги боюнча бүтүргөн.
1984-1987 жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1987-жылы Орусия Федерациясынын Томск шаарындагы "Контур" заводунда электр-механик болуп баштаган.
Ал эми 1992-2008-жылдары – жеке ишкер, 2008-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Бишкек шаардык материалдык техникалык камсыздоо (БШМТК) ишканасында Материалдык техникалык ресурстар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 2009-жылдын 17-февралынан тарта ушул эле ишкананын директорунун орун басары болуп иштеген. Ал эми 2009-жылдын 29-августунда БШМТК ишканасынын директорлугуна дайындалган.
2011-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу жаңы уюшулган "Спаспромсервис" мамлекеттик ишканасында директордун орун басары кызматын аркалаган.
2013-жылдын сентябрында “Ата журт” саясый партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп келген. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.
 (52 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8901;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,072504997253418