15-январь, 1961-жылы БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов туулган

Кыргызстан
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Эски-Ноокат айылында туулган.
Билими – жогорку. 1983-жылы К.Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институтун, 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1983-жылы Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун ветеринардык врачы;
1985-1987-жылдары – Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун башкы ветеринардык врачы;
1987-1990-жылдары – Комсомолдун Ноокат райондук комитетинин II катчысы;
1990-1991-жылдары – компартиянын Ноокат райондук комитетинин уюштуруучусу;
1991-1995-жылдары – Ноокат райондук ветсанотрядынын жетекчиси;
1995-1996-жылдары – Ноокат районундагы Чечме-Сай айылдык комитетинин төрагасы;
1996-2000-жылдары – Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы;
2000-2002-жылдары – "Темир" мамлекеттик ишканасынын аткаруучу директору;
2000-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп иштеген.
2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
2016-жылдан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары болуп эмгектенип келет.
  (61 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9087;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: