реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

13-октябрь, 1882-жылы кыргыз элинин улуу комузчусу Карамолдо Орозов туулган

Кыргызстан
Улуу комузчу, композитор, Кыргыз Эл артисти Карамолдо Орозов Ысык-Көл районунун Корумду айылында туулган. Ал 9-10 жашынан эле комузда ойноп, ар кандай күүлөрдү черте баштаган. Карамолдо Орозовдун өз аты — Токтомамбет. Ал айылдык диний мектептен билим алгандыктан, молдо аталган. Өзү кара тору жигит болгондуктан, аны Карамолдо деп коюшкан. Кийин ал белгилүү кыякчы жана комузчу Мураталы Күрөңкеевден таалим алган.
1928-жылы элдик өнөрпоздор менен бирге Фрунзеге (азыркы Бишкек шаарына) чакыртылган. Ошондо Карамолдонун 30дай күүсүн А.В.Затаевич нотага түшүргөн. Ал алгач Кыргыз музыкалык драма театрынын, анан Кыргыз филармониясынын артисти болуп эмгектенген. 1939-жылы СССР Композиторлор союзуна мүчө болгон. Карамолдо Орозовдун элдин өткөндөгү турмушун баяндаган "Сынган бугу", "Көкөй кести", "Чоң кербез", ошондой эле философиялык мазмундагы "Насыйкат", "Ибарат" күүлөрү эл арасында кеңири чертилет. Анын күүлөрү кыргыз музыкасынын классикалык музыкаларынан болуп саналат.
 (135 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8912;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: