15- Ноябрь 1869 -жылы Орусиялык чыгыш таануучу, түрколог, ислам таануучу, филолог Василий Бартольд туулган
Орусиялык чыгыш таануучу, түрколог, ислам таануучу, филолог, Чыгыш тарыхын, өзгөчө Орто Азия жана Борбордук Азиядагы элдердин орто кылымдагы тарыхын изилдеген көрүнүктүү илимпоз, академик Василий Бартольд Петербург шаарында туулган.
1890-жылы Петербург университетинин чыгыш тилдери факультетин бүтүрүп, ошол жерден илимий жана окутуучулук кызматта иштейт. 1890-жылы жарыялана элек чыгыш кол жазмаларынын үстүндө көп иштеп, эки бөлүктөн турган "Монгол эзүүсүнүн доорундагы Түркстан" деген эмгеги (1898-1900) үчүн ага "чыгыш тарыхынын доктору" деген наам берилген.
В.В.Бартольд Орто Азияга бир нече жолу илимий экспедицияга келип, Талас, Чүй өрөөнү, Ысык-Көл ойдуңу жана Борбордук Тянь-Шандагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Анын орошон талантынын таң калаарлык эрудициясына Орто Азиянын тарыхы боюнча 400 дөн ашык көлөмдүү илимий эмгек жана ар кыл макалалар жаралган.
Окумуштуунун "Түркстан тарыхы", "Жети-Суу тарыхынын очерки", "Түркстандын маданий тарыхы", "Мусулмандар дүйнөсү", "Монгол эзүүсүнүн доорундагы Түркстан" аттуу эмгектерине "Ислам энциклопедиясында" жарыяланган макалаларынан Кыргызстандын тарыхына тиешелүү баалуу маалыматтарды алууга болот. Анын "Кыргыздар" деген монографиясы кыргыз АССРинин өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча жазылып, 1927-жылы жарык көргөн. Анда жазма эстеликтердин негизинде кыргыз элинин саясий тарыхын кыскача мүнөздөгөн. Эмгек эки бөлүктөн турат. Биринчисинде Енисей кыргыздарынын эзелтеден кыргыз деген этноним пайда болгондон тартып, экинчисинде – Тянь-Шань кыргыздарынын 16-19-кылымдардын 60-жылдарына (Түндүк кыргыздардын Орусиянын курамына кошулганы) чейинки тарыхы баяндалган.  Ал кыргыздар же Кыргызстан жөнүндөгү байыркы жана орто кылымдагы орус, о.э. чет өлкөлүк тарыхый адабияттарга даректерди, илимпоздун мурдагы өз эмгектериндеги маалыматтарды пайдаланып, кыргыз элинин Октябрь революциясына чейинки тарыхы боюнча тунгуч бир бүтүн эмгек жараткан. Кыргыз элинин ар түрдүү тарыхый этаптагы социалдык тагдырына, рухий маданияты менен каада-салтына олуттуу көңүл буруп, тарых үчүн баалуу изилдөөлөрдү, эмгектерди жазып калтырды.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан