19- Ноябрь 2014 -жылы Кылычбек Султан Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кылычбек Султанов Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
Султанов Кылычбек Камчыевич 1975-жылы 7-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Электрондук эсептөөчү техникалардын өндүрүшү тармагы боюнча билим алган жана финансы жана кредит бөлүмүндө экономист адистигине ээ болгон.
1996-2000-жылдары Кыргызстандагы ММКларда эмгектенген.
2002-жылы - “Супер-Инфо” гезитин негиздеген.
2002-2008-жылдары - "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору.
2008-2009-жылдары - ЭлТР телеканалынын башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.
2009-2012-жылдары - "Компьютер-Пресс" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти.
2012-жылы - КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп дайындалган.
2012-2013-жылдары - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри болуп иштеген.
2008-жылы - “Улуттук гезит” сыйлыгынын “Жылдын медиа менеджери” наамынын ээси болсо, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан