time: 13:55 21-08-2017
Баннер
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО КИМГЕ ДОБУШ БЕРЕСИЗ?

Жыйынтык

Добуш берүү үчүн телефон номериңизди жазып жөнөтүңүз. Сизге алты сандан турган СМС-код келет. Добуш берүү акысыз.
СМС аркылуу келген кодду төмөнкү формага жазып добуш бере аласыз:
Код:

 

21-апрель, 1926-жылы Эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары рекорд койгон Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II төрөлгөн

Дүйнө
Елизавета II (Елизавета Александра Мария) 1926-жылы 21-апрелде Лондондо туулган. 
Жаш кезинен конституция тарыхын, укук, искусство жана дин илимдерин өз алдынча окуп, аттарга жакын болуп, ат үстүндө жүрүүнү үйрөнгөн. 
Ал герцог Эдинбургскийге 21 жашында турмушка чыккан. Ханыша менен ханзаада Филипптин 4 баласы, 8 небереси жана 5 чөбөрөсү бар.
1952-жылы Елизавета II 25 жашында такка отуруп, Бириккен Улуу Британия Падышалыгы, Түндүк Ирландия жана 15 мамлекеттин улутун бириктирген Шериктештиктин ханышасы аталган. Ханышанын таажы кийүү салтанатын телевизордон көрүү мүмкүнчүлүгү биринчи жолу түзүлгөн. 
2015-жылы 9-сентябрда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары рекорд койгон. Буга чейинки рекорд Улуу Британияны 1837-1901-жылдары башкарган ханыша Викторияга таандык болгон. Бул тарыхый күндү Елизавета II кадимки иш күнү катары баалап, жолдошу менен темир жолдун расмий ачылышына катышкан. 
 (91 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8869;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,034005880355835