11- Апрель 2016 -жылы Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев кызматынан бошотулган
Балыкчы - Корумду жана Бишкек - “Манас” аэропорту унаа жолдорун куруу укугун лицензиясы жок кытайлык “Лонг Хай” компаниясы утуп алган.  Ошол кездеги Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев тендерде уткан компанияда премьер-министр Темир Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгонун айтып чыккан. Өкмөт башчы министр Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча президент Алмазбек Атамбаевге сунуш киргизсе, унаа жолдорунун курулушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Сариевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган. Сариевдин сунушу мыйзамдуу күчкө ээ болбогондуктан четке кагылган. 11-апрелдеги Өкмөттүн кезексиз жыйынында премьер-министр Темир Сариев отставкага кетерин жарыялаган. Ошол эле күнү өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ошондой эле, президенттин башка жарлыктарына ылайык, Аргынбек Малабаев дагы кызматынан бошотулган.

Ага ылайык, премьер-министр Темир Сариевдин отставкасы кабыл алынып, өкмөт отставкага кеткен. Ал эми 13-апрелде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, буга чейин президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген Сооронбай Жээнбековду кызматынан бошотуп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. 

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан