30-июнь, 1985-жылы Тамада, шоумен Бакыт Байсариев туулган

Кыргызстан
Тамада, шоумен Бакыт Байсариев Бишкек шаарында төрөлүп өскөн. Кичинекей кезинен ата-энесинин каалоосу менен бий ийримине барган. Жетиге чыкканында "Сейтек" балдар борборунда бий өнөрчүлүгүн өздөштүрө баштаган. 11-классты аяктагыча бал бийи боюнча Кыргыз Республикасынын 3 жолку чемпиону болгон. Башында бийди хобби катары эле кабыл алса, кийин мектепти бүткөндө келечектеги кесибин бий өнөрү менен гана байланыштырууну чечкен. Бий менен 2013-жылдарга чейин алектенип, андан кийин жылына ашып кетсе 2 жолу гана бийлеп калганын өзү маектеринин биринде айткан. Бий боюнча Египетте, Москвада сабак алып келген. Ошондой эле Казакстанда, Египетте, Түркияда жыл сайын өтүүчү бий фестивалдарына катышып келген. Учурда тамада жана шоумен.  (35 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9084;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: