19- Октябрь 1937 -жылы

окумуштуу, британиялык физик Эрнест Резерфорд дүйнө салган

 Англиялык физик Эрнест Резерфорд Жаңы Зеландиянын Нельсон шаарынан алыс эмес жерде 1871-жылы туулган. Ал дөңгөлөк чебери жана жумушчу Жеймс Резерфорд менен мектеп мугалими Марта Томпсондун 12 баласынын бири болгон. Резерфорд жергиликтүү мектептерге барып билим алып жаткан учурда эле өзүнүн талантын көрсөтө баштаган. Мектептен кийин жергиликтүү менчик мектепте математика жаатындагы артыкчылыгын көрсөтүп, Нельсон колледжинин стипендианты болууга жетишет. Мындан кийин ал Крайстчерч шаарындагы Кентербери колледжине тапшырууга мүмкүнчүлүк алып, ал жактан да стипендиант болот. Ошентип, Эрнест Резерфорд ийгиликтерди жаратуу менен табигый илимдери боюнча бакалавр баскычынан өтүп, профессор, докторлук даражага чейин жетет. 1908-жылы химия илиминдеги радиоактивдүү элементтерди изилдегендиги үчүн Нобелдик сыйлыкка татыган. 

Ал 1937-жылы 19-октябрда дүйнөдөн кайткан.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан