25- Октябрь 2014 -жылы Кара-Балтада үлпөт тойдогу кортеждин унаасы 2 аялды сүзүп, алар окуя болгон жерден каза табышкан. 
Кара-Балтада үлпөт тойдогу кортеждин унаасы 2 аялды сүзүп, алар окуя болгон жерден каза табышкан. 25-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт кызматына билдирүү түшкөн. Анда Фрунзе көчөсүнөн 2 жөө жүрүүчүнү унаа сүзүп кеткенин айтышкан. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Хонда CRV үлгүсүндөгү унааны 20 жаштагы жаран катуу ылдамдыкта башкарып бара жатып жолдун каршы тарабынан 2 жөө адамды сүзүп кеткенин аныкташкан. Оор жаракаттардан улам бир аял окуя болгон жерден, ал эми экинчиси ооруканадан каза тапкан. Айдоочуга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кырсыктан каза тапкан аялдар Панфилов айылынын жашоочулары болушкан. Алар өтмөк жолдон өтүп бара жатышкан, аларды өткөрүү үчүн лимузин унаасы да токтогон. Бирок аялдарды байкабаган экинчи унаанын айдоочусу лимузинден ашып кетүү үчүн өтмөк жолдон катуу ылдамдыкта өтүп баратып жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан