реклама

9-ноябрь, 1932-жылы 

И.В.Сталиндин экинчи жубайы Надежда Аллилуева өзүн өзү атып өлтүргөн

Дүйнө

Кээ бир тарыхчылар Надежда Аллилуева өлүмүнүн алдында И.В.Сталин менен ажырашууну көздөп жүргөндүгүн жазышкан. Себеби, жубайлар бири-бирин түшүнө албай, экөөнүн ортосунда уруш-жаңжалдар көп болуп турган. 1932-жылы 7-ноябрда Сталиндин Ворошилов шаарындагы үйүндө Октябрь революциясынын 15 жылдыгы белгиленип жаткан учурда аялы экөө уруша кетет. Таарынычтан улам жубайы Н.Аллилуева Кремль шаарындагы үйүнө кетип калган. 9-ноябрда таңга маал колунда “Вальтер” тапанчасын кармаган Н.Аллилуеванын  жансыз денесин табашкан. Ал кат жазып таштаган эмес. Бирок орус гезиттери окуянын эртеси күнү Н.Аллилуеванын сокур ичегисине операция жасалып жатканда каза болгондугун жазып чыгышкан. Ошондой эле, Н.Аллилуева  Сталиндин биринчи никесиндеги уулу Яков менен жакын мамиледе болгондугу үчүн Сталин аны атып өлтүргөндүгү тууралуу кептер эл арасында тараган. 

  (86 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9002;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: