реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

13-август, 1926-жылы кубалык революциячы жана коомдук-саясий ишмер Фидель Кастро туулган

Дүйнө
Кубалык революциячы жана коомдук-саясий ишмер, Кубанын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы (1976-2008), Кубанын 15-премьер-министри (1959-1976), айтылуу Фидель Кастро Кубанын Орьенте провинциясындагы Биран кыштагында туулган. Башталгыч билимди Фидель Кастро Сантьягодогу католиктик жатак мектептен алган. Андан соң Гаванадагы иезуиттик колледжде билимин улантып, спорт менен талбай алектене баштаган. 1944-жылы өзү окуган мектепте "эң мыкты спортчу" деп таанылган. 1950-жылы Гавана университетинде укук таануу факультетин аяктап, аспирантураны улантат. Фидель Кастро "укук таануу илими боюнча доктор" деген даражага жеткен. Ошол жылдарда ал жеке адвокаттык иштер менен шугулданып, кедей-кембагалдарга акы албастан бекер кызмат көрсөтө баштайт.
Элүүнчү жылдын баш ченинде "Ортодокс" партиясына мүчө болуп кабыл алынат. 1952-жылы аталган партиянын атынан депутаттыкка ат салышып, бирок ал жылы шайлоо болбой калган. Анткени генерал Батист өлкөгө төңкөрүш жасап, диктаттык менен эл башкара баштаган. Темир чеңгел менен башкарган генерал Батисттин бийлигине каршы каяша айта коёбуз деп, "ортодоксчулар" партиясы жоюлуп кетет. Айтканынан кайтпаган Фидель Кастро жүрөгүндө жаалы бар азаматтарды топтоп алып, 1953-жылдын 26-июнунда Сантьяго де-Кубадагы Монкада казармасына кол салышат. Фидель Кастронун иши аскер трибуналына берилет. Сот Фиделди 15 жылга эркинен ажыраткан. Сот залында тик турган Кастро "Тарых мени акыры актайт!" деп сүйлөйт. 1955-жылы май айында өлкөдөгү бир нече миңдеген адамдардын Фидель Кастрого жан тарткан пикири менен түрмөдөн акталып чыгат. Көп узабай ал Мексикага баш калкалаш үчүн сапар алган.
1956-жылы декабрь айларында Фидель Кастро башында турган козголоңчулар тобу анча чоң эмес "Гранма" кемесине отурушуп, Орьенте провинциясына келип жайгашат. 1959-жылдын 1-январында айланасына топтолгон миңдеген адамдар менен Фидель Кубадагы Батист башында турган бийликти кулатып, өзү Кубанын премьер-министри деп жарыяланат.
1961-жылы 16-апрелде Фидель Кастро Кубаны социалисттик мамлекет деп жарыялаган. 1965-жылдын октябрь айынан тартып Ф.Кастро Куба БК биринчи секретары кызматын аркалаган. 
2003-жылы 31-августта Түндүк Америкадагы индеецтер Кастрого революциядагы жетишкендиктери жана эр жүрөктүүлүгү үчүн "Бүркүт канаты" наамын ыйгарышкан. Адатта, бул наамды индеецтер ар-намыстуу жана эр жүрөк адамдарга гана ыйгарышкан.
 (91 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8901;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,033255100250244