5- Декабрь 1884 -жылы Немис авиаконструктору жана ишкер Клаудиус Дорнье каза тапкан.
Немис авиаконструктору жана ишкер Клаудиус Дорнье каза тапкан. Ал 1884-жылы 14-майда Германиянын Кемптен шаарында жарык дүйнөгө келген. 1907-жылы Мюнхендеги Жогорку техникалык мектепти аяктаган. 1910-жылдан тарта Фердинанд Цеппелиндин дирижабль куруучу ишканасында иштеген. 
Ал жерден дирижаблдин аэродинамиканы изилдеп, көп өтпөй трансатлантикалык маршруттар үчүн дирижаблди проектилеген. Анын алгачкы учагы болуп Rs.I аталышындагы учуучу кайык эсептелет. Андан соң Дорнье Rs.II, III, IV деген толук металлдан жасалган учуучу кайыктарды жасаган. Ошондой эле ал иштеп жаткан ишкана Cs.II Дельфин, С.III Комета, Либелла-I атуу чакан учактарды жасаган. 1914-жылы Дорнье Фридрихсхафенде өзүнүн авиациялык фирмасын негиздеп, ал жерде  "Валь", До-18,  До-24,  До-26 деген толугу менен металлдан жасалган учуучу кайыктар жасалып чыккан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан