18- Декабрь 2015 -жылы
Кыргыз мамлекетинин БУУдагы өкүлү Таалайбек Кыдыров кызматынан бошотулган
Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Таалайбек Кыдыров ээлеген кызматынан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон. Кыдыров аталган кызматка 2010-жылдын сентябрь айында дайындалган. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.