17- Январь 1974 -жылы белгилүү орусиялык ырчы Митя Фомин төрөлгөн
Белгилүү орусиялык ырчы Митя Фомин Орусиянын Новосибирск шаарында төрөлгөн.Мектепти аяктаган соң медициналык окуу жайга тапшырган. Окуу учурунда АКШга, Англияга барып иштеп, акча табат. Дарыгерлик кесипти окуган соң Москвага барып, театралдык институтта билим алган. Москвадан өзүнүн жердештери - композитор Павел Есенин жана продюсер Эрик Чантурияга жолугуп, алар М.Фоминге "Hi-Fi" музыкалык долбоорунун солисти болууну сунушташат. Ошентип 1998-жылы аталган топ официалдуу түрдө түзүлгөн. "Hi-Fi" мыкты чыгармаларды жаратып, кыска убакыттын ичинде популярдуулукка жетишкен. Анын белгилүү чыгармаларынын арасына "Седьмой лепесток", "Глупые люди", "А мы любили", "Мы не ангелы" ырларын кошууга болот. 2009-жылдан тарта М.Фомин топтун коллективинен кетип, жеке ырчы катары карьерасын жасай баштаган. "Две земли", "Вот и все", "Все будет хорошо", "Огни большого города", "Садовник", "Хорошая песня" жана башка бир нече хит ырларды чыгарып, популярдуулугун арттырган. Учурда ырчы бойдок.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан