27- Январь 1901 -жылы атактуу италиялык композитор Жузеппе Верди көз жумган
Атактуу италиялык композитор Жузеппе Верди Милан шаарында көз жумган. Ал 1813-жылы 10-октябрда Италиянын Парма провинциясындагы Ронкола айылында төрөлгөн. Ж.Вердинин опералык чыгармачылыгынын туу чокусу болуп 1886-жылы жазылган "Отелло" операсы эсептелет. 1892-жылы ал өзүнүн акыркы шедеври - Уильям Шекспирдин сюжетинин негизинде "Фальстаф" чыгармасын жараткан. 1870-жылы Египет өкмөтүнүн буюртмасы менен Суэц каналынын ачылышы үчүн "Аида" операсын чыгарган. Мындан тышкары ал "Набукко", "Травиата", "Риголетто" сыяктуу белгилүү чыгармалардын автору. Жалпысынан Ж.Верди 26 опера жараткан. Композитор 2 ирет үй-бүлө курган. 1836-жылы Маргарита Барецци менен баш кошуп, 2 балалуу болгон. 1840-жылы жубайы жана балдары көз жумган. 1840-жылдардын аягында ырчы Жузеппина Стреппониге үйлөнгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан