реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

13-февраль, 1974-жылы Популярдуу британиялык ырчы Робби Уильямс туулган

Дүйнө
Популярдуу британиялык ырчы Робби Уильямс Улуу Британиянын Сток-он-Трент шаарында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөндө пьесаларда, мюзиклдерде башкы ролдорду аткарып, футболдук командада ойногон. 1990-жылы мектепти аяктап, өзүн шоу-бизнес тармагында сынап көрүүнү чечет. "Take That" тобу ырчы издеп жатканын угуп, "Nothing Can Divide Us" ырын аткарып, топтогу ырчылардын катарына кошулган. 1991-жылы "Take That" тобу "Take That And Party" деп аталган өзүнүн алгачкы ырлар жыйнагын чыгарган. Ал хит-парадда алдыңкы орундардан түшпөй, Улуу Британиядагы эң көп сатылган жыйнактардын арасынан 2-орунда болгон. 1995-жылдын жайында Р.Уильямс топтон кетип, көп өтпөй "Take That" тарап кеткен.
1996-жылы жеке карьерасын баштап, Жорж Майклдын ырынын кавер версиясы болгон "Freedom" ырын жаздырган. Ошол жылдын март айында "Life Thru a Lens" аталышындагы алгачкы жыйнагын чыгарган. Бир жылдан кийин "Angels" ырын жаздырып, бул чыгармасы хит-парадда биринчи орундан түшкөн эмес. Ал эми "Sing When You're Winning" жыйнагындагы ырлар көптөгөн сыйлыктарга татып, эң көп сатылган жыйнактардын катарына кирген. 2001-жылы 4-ыр жыйнагы "Swing When You're Winning" жарык көрүп, андагы ырларды жаздырууда Николь Кидман катышкан. Ырчынын мындан тышкары бир катар популярдуу ыр жыйнактары бар. 
 
Жеке жашоосу
Р.Уильямс актриса Камерон Диас, "Spice Girls" тобунун мурдагы катышуучусу Жерри Холиуэлл жана ырчы Николь Эпплтон менен сүйүү мамилесинде болгон. 2006-жылы актриса Айда Филд менен таанышып, 2010-жылы баш кошкон. 2012-жылдын сентябрь айында экөө Теодора Роуз Уильямс аттуу кыздуу болушкан.
  (44 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
8945;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: