10- Апрель 2016 -жылы Индиядагы храмда өрт чыгып, 100дөн ашык адам каза тапкан
Индиянын Керала штатындагы Коллам округунун Паравур шаарында жайгашкан храмда өрт чыгып, 111 адам каза таап, 300дөн ашык киши жаракаттарды алган. Өрт фейерверк шоусун уюштуруу үчүн алынган пиротехникалар сакталган жайдагы жарылуудан улам келип чыккан. Жыйынтыгында храм да кыйраган абалга келген. 4-апрелден 10-апрелге чейин Түштүк Индияда Бхадракали деген кудайга арналган фестиваль өткөн. Бир жуманын ичинде храмга 15 миңден ашуун зыяратчы келген. Бул майрамдын негизги бөлүгү болуп фейерверктерди атуу эсептелген. Таң эрте күйүп жаткан фейерверктердин бири ушундай заттын запасы сакталган курулуштун чатырынын үстүнө кулап, жарылып кеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан