реклама

12-июль -  Бүткүл дүйнөлүк фотографтардын күнү

Дүйнө
1839-жылы франциялык Луи-Жак Манде Дагер аттуу адам фотосүрөттү кантип алуунун жолун издеп, бир нече эксперименттерди жүргүзүп көрөт. Ал жалпак жукартылган жез металлды күмүш менен каптап, аны йоддун буусу менен буулантып иштеп чыгат. Жыйынтыгында жарыкты сезгич күмүштүн иодиди алынат. Андан соң Луи Дагер алынган элементти жарым саатка нур менен жарыктандырган соң, караңгы бөлмөгө алып кирип, бир нече убакытка чейин ысытылган сымаптын буусуна кармап турган. Металлдын бетинде пайда болгон сөлөкөттүн көпкө кармалып туруусу үчүн кайнатылган тузду колдонгон. Ошону менен Даггер сапаттуу сүрөт алууну ойлоп тапкандардын сап башында жазылып калган. Ал бул эмгегин дагеротипия деп атап, бирок сүрөттү көбөйтүүгө мүмкүн эмес экендигин белгилеген. Маанилүү жана тарыхий көз ирмемдерди кылымдарга сактап калуунун жолу фотография экенин түшүнгөн илимпоздор бул кубулуштун үстүнөн тынбай тер төгүп эмгектенишкен. Луи Дагер иштеп чыккан эмгектин негизги обьектиси болгон фотоаппараттар ойлоп табылган соң, XIX кылымдын соңунда коомго фотографиялык журналистика түшүнүгү кирген. Мына ушундан тартып гана фотограф кесиби негизделген делет тарыхта. Ушул учурда алгачкылардан болуп, 1912-жылы Данияда профессионалдык деңгээлдеги уюм - ЖМКлар фотографтарынын бирикмеси түзүлгөн. Ага 6 фотокабарчы кирген. Көпчүлүк учурларда фотографтар ар кайсы басылмаларда иштешип, ар түрдүү көз ирмемдерди кармап калууга жардам беришкен. Мунун негизинде журналистика жаатында эмгектенгендер социалдык теңсиздик, коомдогу түрдүү көйгөйлөр, кедейчилик, балдарды мыйзамсыз оор жумушка тартуу, алардын эмгегин пайдалануу, зордук-зомбулук сыяктуу маселелерди козгоп, аларды фотографтардын сүрөттөрү аркылуу чагылдырып келишкен. 
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
8956;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: