17- Июль 2017 -жылы Тышкы иштер министрлиги Кыргыз бийлигин чехиялык компания менен кызматташпоого чакырганы тууралуу документ жарыяланган
Тышкы иштер министрлиги Кыргыз бийлигин чехиялык компания менен кызматташпоого чакырганы белгилүү болду. Маалыматты 24.kg агенттиги жарыялады. Маалым болгондой, Улуттук энергохолдинг чехиялык компания тууралуу маалымат алуу үчүн тийиштүү мекемелерге кат жолдогон. Ага берген жообунда Австрия жана Чехиядагы Кыргыз элчилиги жана ТИМ "Liglass Trading CZ" компаниясы менен келишим түзбөөгө чакырган. "Өтө маанилүү" деп белгиленген документке тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов 2017-жылдын 10-мартында кол койгон. Бул боюнча Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитет эртең, 18-июлда чехиялык компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң расмий маалымат бере турганы маалым болду. Зилалиев Азаттыкка чехиялык компания тууралуу "булар 30 жумушчу күндүн ичинде Орусияга болгон 37 миллион карызыбызды жабышы керек. Азырынча бир бүтүм чыгарууга эрте. Экинчиден, бизден бир тыйын каражат кеткен жок. Эгер алар милдетти аткарбаса, 30 жумушчу күндөн соң макулдашууну бир тараптуу жокко чыгарып, башка тендер өткөрөбүз, - деп билдирди. Айта кетсек, чехиялык "Liglass Trading CZ" компаниясы Кыргыз жерине Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭС куруу боюнча тендерди утуп алып, Кыргыз өкмөтү менен келишим түзгөн эле. Ага ылайык Жогорку Нарын ГЭС каскадына 2 ГЭС жана өлкөдөгү башка суу сактагычтарга 10 чакан ГЭС курулмак. Алардын ичинен "Орто-Токой-1", "Орто-Токой-2", "Папан", "Чоң-Аксуу", "Кара-Суу сол тарап-1", "Кара-Суу сол тарап-2" 2019-жылдын 30-декабрына чейин, ал эми "Сандык-1", "Сандык-2", жана "Сандык-3" чакан ГЭС 2020-жылдын аягында курулуп бүтөрү айтылган. Жогорудагы келишимге кол коюу иш-чарасына президент Алмазбек Атамбаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана аталган компаниянын директору Михаил Смелик катышкан. Андан соң Чехиядагы басылмалар ГЭС кура турган чех компаниясынын таржымалын жарыялашкан. Макалаларда "Liglass Trading CZ" компаниясынын 2014-жылкы чыгашасы кирешесинен ашып түшкөнүн, калган жылдар боюнча каржылык маалыматтары белгисиз экени баса белгиленет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан