реклама

13-сентябрь, 1916-жылы Жазуучу Роальд Дал туулган

 
Дүйнө
Улуу Британиядагы белгилүү жазуучулардын бири Роальд Дал Ллэндаффта норвегиялыктардын үй-бүлөсүндө туулган. 1920-жылы аппендициттен улам эжеси Астри каза болот. Андан бир нече айдан кийин атасы ооруп көз жумган. Атасы балдарын дүйнөдөгү мыкты окуу жайларда окутууну каалаган эле. Апасы эки уулу, 4 кызы менен жалгыз калган. Роальд 7 жашка толгондо апасы Кафедралдык мектепке берет. Ал жакта эки жыл окугандан кийин директордун катаал мамилесинен кийин апасы уулун башка мектепке которот. Балалыгындагы мугалимдердин орой мамилеси тууралуу өзүнү "Бала" аттуу китебине жазган. Ал өзү теңдүүлөрдөн боюнун узундугу, крикетти жакшы ойногондугу, мыкты сүзгөндүгү менен айырмаланып, иброк окуудан өзүн көрсөтө алган эмес. Үй-бүлөсү менен башка шаарга көчүп кеткенде Роальд коомдук Рептон мектебине которулат. Бул мектепте" дедовщина" өнүккөндөн улам кичинекей балдар жогорку класста окуган балдардын кулу катары жүрүшкөн. Рептондогу күндөрүн "Фоксли тулпары" чыгармасында жазган. Рептон мектебинин окуучуларына "Cadbury" шоколад чыгаруучу компаниясы продукцияларын текшертүү үчүн алып келип турган. Шоколад фабрикасында иштөө кыялы анын "Чарли жана Шоколад фабрикасы" чыгармасын жаратууга түрткү болгон. 1934-жылы колледжи аяктагандан кийин окуучулар тобу менен сүрөтчү катары Ньюфаундлендди изилдөөгө жөнөйт. Андан соң "Шелл" мунай-зат компаниясында окуган. Жогорудагы компаниянын кызматкери катары 1936-жылы Чыгыш Африкага сапар тарткан. 1939-жылы экинчи дүйнөлүк согуш башталып, ал каттоого туруп учканды үйрөнөт. Согушка барганда учагы кулап, башынан жаракат алат. Согуштан келгенден кийин Хиросима апааты тууралуу роман жазат. 1950-жылдардын башында Дал Нью-Йорк шаарына барып "The New Yorker" гезитине чыгармалары жарыялана баштайт. 1951-жылы Голливуд жылдызы Патриция Нил менен таанышып, эки жылдан кийин үй-бүлө курушкан. Экөөнүн Оливия, Тесса, Тео, Офелия жана Люси аттуу балдары болгон. 30 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашып кетишкен. Үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу жазган "Пэт жана Роальд" чыгармасы " Патриция Нилдин тарыхы" деген тасманын жаралышына себеп болгон.  (102 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
8968;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: