реклама

16-апрель, 1958-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова төрөлгөн

Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова 1958- жылы 16-апрелде Баткен районунун Баткен айылында төрөлгөн. Ал 1979-жылы Ош мамлекеттик институтун аяктап, физика жана математика боюнча адистикке ээ болгон. 1989-жылы Алматыдагы партиялык жогорку окуу жайында окуган. Эмгек жолун 1979 -жылы Баткен айылындагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1980-1985-жылдары Баткен райондук комсомол комитетинин алгач үчүнчү, кийин биринчи катчысы; 1985-1987-жылдары аталган райондун Советтик Кыргызстан совхозунун партиялык комитетинин катчысы;
1987-1989-жылдары Алматыдагы жогорку партиялык окуу жайынын угуучусу;
1989-1991-жылдары Баткен райком партиясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы; 
1991-1995-жылдары Советтик Кыргызстан совхозунун идеологиялык маселелер боюнча директорунун орун басары; 
1995-1999-жылдары Баткен районундагы "Теремок" бала бакчасынын башчысы;  
1999-2000-жылдары Баткен районунун маданият бөлүмүнүн башчысы; 
2001-2010-жылдары "Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюмунун Баткен облусундагы аймактык өкүлү; 
2010-жылы Жогорку Кеңешинин депутаты; 
2010-жылы Баткен облусттук мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу;  
2010-жылы Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу; 
2011-жылы өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун биринчи орун басары; 
2015- жылдын 4-октябрында КСДП партиясынын тизмеси Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
  (60 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
8968;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: