18- Декабрь 1953 -жылы
Акыйкатчы Токон Мамытов туулган
Мамытов Токон Болотбекович 1953-жылдын 18-декабрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.
1975–1979-жылдары Пржевальск мамлекеттик педогогикалык институт математика факультетин аяктаган.
1980–1981-жылдары Минск шаарында СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитети жогорку курсун окуган.
1986–1987-жылдары Москва шаарында СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Кызыл туу институтун бүтүргөн. 1980– 2009-жылдары Мамлекеттик коопсуздук комитетинде (кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети болуп өзгөргөн) органдарында кызмат өтөгөн.
2010 – 2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты.
2013 – 2015-жылдары Мамлекеттик чек-ара кызматынын төрагасы, Ысык-Көл облусунун башчысы, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген. 2016-жылдын апрелинен тарта Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы болуп эмгектенген. 2018-жылдын сентябрында акыйкатчы болуп шайланган. Генерал-лейтенант. Үй-бүлөлүү.