12-февраль, 1970-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев туулган

Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Ош облусунун Өзгөн районундагы Комсомол айылында 1970-жылы 12-февралда туулган. Ал 1998-жылы Ош мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн. 1987-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы “Ак-Жар” совхозунда жумушчу; 1988-1990-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1988 – 1999-жылдары Ош технологиялык университетинин мугалими, декандын орун басары; 2000-жылы Нарын районунун прокурорунун стажер-жардамчысы; 2001-жылы Нарын райондук прокуратурасында тергөөчүнүн стажеру; 2001-2005-жылдары Нарын облусунун Кочкор районуну прокуратурасында тергөөчү жана Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы; 2005-2007-жылдары Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасынын ага тергөөчүсү, Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору, Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасынын тергөөчүсү, Кыргыз транспорттук прокуратурасында прокурордун ага жардамчысы; 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы. 2013-жылдары Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары; 2015-жылы “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.  (49 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9054;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: