1- Март 1991 -жылы Кыргыз курама командасынын футболчусу Ислам Шамшиев төрөлгөн
Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу, "Дордой" футболдук клубунун вице-капитаны Ислам Шамшиев 1991-жылы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Профессионалдык карьерасын Кыргыз өлкөсүнүн Биринчи Лигасында ойногон 2006-жылы Кызыл-Кыянын "Шахтёр" футболдук клубунда баштаган. 2008-жылы "Шахтёрдон" "Дордой" клубуна өтүп, азыркыга чейин аталган команданын катарында ойноп келет. Ал улуттук курама команданын катарында 2009-жылдын 25-июлунда Кытайга каршы жолдоштук беттеште дебют жасаган. Аталган беттеште Шамшиев 65-мүнөттө алмашууга чыгып, кыргыз курамасы 3:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. 2018-жылдын 22-мартында улуттук курама үчүн алгачкы гол жаратып, "Ак шумкарлар" Азия чемпиондугуна тандоо турунда Мьянма командасын 5:1 эсебинде утуп алышкан. Ислам Шамшиев "Дордойдун" катарында 2 жолу өлкө чемпиондугун (2014, 2018), 6 жолу өлкө Кубогун (2009, 2011, 2014, 2016, 2017, 2018) жана 2 жолу суперкубокту(2013, 2014) жеңип алган. Мындан сырткары ал 5 жолу Топ-Лиганын күмүш медалын (2008, 2009, 2013, 2015, 2016) тагынса, 3 жолу Азия Футбол Конфедерациясынын президентинин Кубогунда (2008, 2009, 2010) финалга чейин жетип барган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан