Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

13-август, 1971-жылы "Бригада", "Бумер" тасмалары менен таанылган орус актёру Владимир Вдовиченков төрөлгөн

Дүйнө
Орус актёру Владимир Вдовиченков Калининград облусунда, Гусев шаарында төрөлүп, мектепти бүткөнчө ошол шаарда жашаган. Кичинекей кезинен бокс менен машыгып, тасмаларды жакшы көргөн. 1989-жылы мектепти бүтүрүп, төрт жыл Түндүк жана Балтика флотторунда кызмат өтөгөн. 1997-жылы Бүткүл Орусия мамлекттик кинемотография университетине тапшырып, 2001-жылы аяктаган. Студент кезинде эле ар кандай клиптерде, жарнамаларда, тасмаларда тартыла баштаган. Төртүнчү курс кезинде Владимирди режиссёр Алексей Сидоров "Бригада"  сериалына башкы ролдордун бирине бекиткен. Филдин ролу Владимирге атактуулукту алып келген. Андан соң "Бумер" тасмасындагы Костянын ролу анын ийгилигин бекемдеткен. 2002-жылдан бери Е. Вахтанг атындагы Мамлекеттик академиялык театрда иштейт. 
2007-жылы "Бумер" тасмасындагы ролу үчүн "Кумир" сыйлыгынын лауреаты.
2012-жылы Орусиянын эмгек сиңирген артисти.
 (46 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8912;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: