24- Август 1874 -жылы Кокон көтөрүлүшүндө Түркстан генерал-губернаторунун буйругуна ылайык, Олуя-Ата уездинин башчысы Чаткал өрөөнүнө жергиликтүү аксакалдарды жөнөткөн
Кыргыздардын 1874-жылдын жай айындагы Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү хандыкты эле эмес, Орусия империясын да сестентпей койгон эмес. Түркстан генерал-губернатордугунун буйругуна ылайык, Олуя-Ата уездинин начальниги Чаткал өрөөнүнө жергиликтүү аксакалдарды жөнөткөн. Аксакалдар тобун Акмолдо Байзаков баштап, аларга Момун Шамурзаковду колго түшүрүү же болбосо аны орус бийлигине келишин камсыздоо милдети жүктөлгөн.
Орус бийлигинин "элчилиги" Момун Шамурзаков менен сүйлөшүү жүргүзүп, аны Олуя-Атага келип уезддик начальник менен жолугушууга көндүрүшкөн. Ошентип Момун Шамурзаков 1874-жылдын 24-августунда Олуя-Атага келген. Уезддик начальниктин буйругу боюнча ал жерден Момун Шамурзаковго "Кокон хандыгына каршы чыккан козголоңчу" деген айып коюлуп, камакка алынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан