30- Август 1995 -жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө салтанаты аяктаган
5 күнгө созулган “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө салтанаты аяктаган. 1992-жылдын 20-июнунда “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесин белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин Жарлыгы жарык көргөн.
“Манас”эпосунун 1000 жылдык мааракеси Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка дагы бир жолу тааныткан. Улуу тойдо театрлаштырылган оюн-зоок программалары, улуттук оюндар көрсөтүлүп, 69 мамлекеттен келген делегаттар катышкан. Тойдогу азем салтанаттын башкы режиссёрлук милдетин кыргыз элинин чыгаан инсаны Болот Шамшиев аткарып, сценарийин белгилүү драматург Бексултан Жакиев жазган. Мааракедеги “Манас” айылындагы ак боз үйлөрдүн саны миңден ашкан. Ажарлуу ак өргөөлөрдүн арасынан 3 боз үй баш байгеге татыктуу болгон.
Алар Таластык уздар жана усталар жасаган 12 канат хан өргөө, Ысык-Көлдүк Орозбай Кенчибаевдин жасаган аппак боз үйү, Жети-Өгүздүк Мекенбек Осмоналиевдин 8 канат ак өргөөсү баш байгелерге ээ болсо, көпчүлүктүн назарын өзүнө бурган Ош облусунан келген 3 кабаттуу боз үй тойдун көркүн ачкан.
Мааракеде “Манас” эпосу музейи ачылып, ал эки кабаттан туруп, архитектор Эркинбек Нурбеков жетектеген курулушчулар тобу тарабынан бүткөрүлгөн. Ошондой эле музейдин жанында “Президенттик аллея” ачылган. Аллеяга Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев, Азербайжан Республикасынын Президенти Г.А.Алиев, Түркия Республикасынын Президенти С.Демирель, ЮНЕСКОнун Башкы Директору Ф.Майор, ошондой эле Орусия, Кытай, Япония, АКШ, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Германия, Беларусь, Румыния, Иран, Индия, Грузия, Украина ж.б. өлкөлөрдүн делегаттары балатыларды олтургузушкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан