21- Сентябрь 1860 -жылы Немис философу Артур Шопенгауэр каза болгон
Немис философу Артур Шопенгауэр каза болгон. Ал иррационализмдин алгачкы өкүлдөрүнүн бири. Артур Шопенгауэр Данцигде туулган. Анын үй-бүлөсү 1793-жылы Гамбургга көчүп келип, аны атасын жолдоп коммерсант болууга даярдашкан. Алгач ал чынында да коммерциялык иштерди аткарып, бирок атасы өлгөндөн кийин бул иштен баш тартып, интеллектуалдык ишмердикке өткөн. Геттинген университетинде медицинаны окуп, кийин аны философия кызыктыра баштаган. 1813-жылы ал өзүнүн "Жетиштүү негиз мыйзамынын төрт түрдүү тамыры жөнүндө" деген докторлук диссертациясын жазып бүтөт. Анын "Дүйнө эрк жана түшүнүк катарында" деген башкы эмгеги 1818-жылы жарыяланган. Шопенгауэр Канттын, Платондун, Шеллингдин таасирин башынан өткөргөн, айрыкча Кантты өтө жогору баалаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан