реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

7-декабрь, 1977-жылы орусиялык “Звери” тобунун ырчысы Рома Зверь туулган

Дүйнө

Орусиялык “Звери” тобунун ырчысы Рома Зверь туулган. Орусиянын Таганрог шаарында төрөлүп, Дондогу Куруучулук жа­на экономикалык колледжин бүтүргөн.

2000-жылы 24-июнда Москва шаарына келип, Заманбап искусство музейинин курулуш аянтчасына жумушка кирет. 2001-жылдын сентябрь айында "Звери" тобун негиздеген. "Для тебя", "Просто такая сильная любовь", "Все, что тебя касается", "До скорой встречи" жана "Рома, извини" деген аталыштагы ырлар аталган топко атактуулукту алып келген. 2007-жылы жаз айында Forbes журналы "Звери" тобун Орусиядагы эң бай жылдыздардын катарына киргизген.

2006-жылы ырчы Москвага келгенге чейинки жашоосун чагылдырган "Тапанча-жамгырлар" деген китеп жазып чыгарган. Ошондой эле 2011-жылы "3veri" деген бренддеги кийимдерди чыгарып, ошол эле жылы НТВ телеканалында Виктор Вержбицкий менен "Оюн" программасын алпарган. 2011-жылы Р.Зверь режиссёр Валерий Гай Германиканын "Бактылуу жашоонун кыска курсу" деген сериалында башкы ролду жараткан. Ырчы велосипед, пинг-понг спортторуна кызыгып, балык уулаганды, сүрөтчүлүктү жакшы көрөт.

 (40 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8912;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: