Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

14-сентябрь, 1638-жылы англиялык миссионер Жон Гарвард каза болгон

Дүйнө
Атактуу америкалык Гарвард университетинин түптөлүшүнө зор салым кошкон англиялык миссионер Жон Гарвард 30 жашында каза болгон.
Жон Гарвард 1607-жылы 26-ноябрда Лондондо төрөлүп-өскөн. Төрт бир туугандын төртүнчүсү болгон. Өзүнүн атасы директор болуп эмгектенген мектепти аяктап, колледжге тапшырып, бакалавр даражасын алганга жетишкен. 
1637-жылы Жон Жаңы Англияга (АКШнын түндүк чыгышы) көчүп кетип, Бостондо отурукташып, чиркөө кызматкерине айланат. Көп өтпөй кургак учук оорусуна чалдыгып, 1638-жылы катуу оорудан каза болгон. 
Жон Гарвард балалуу болбогондуктан, каза болордун алдында 779 фунтту (мурасынын жарымы) жана 400 даана китепти 1636-жылы негизделген колледжге таштаган. Бул жардамы үчүн ыраазы болгон ал окуу жайдын башкармалыгы колледжге Жон Гарварддын ысымын ыйгарган.
 (379 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8912;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: