7- Ноябрь 1904 -жылы Акын, жазуучу, драматург, котормочу, публицист, журналист Аалы Токомбаев (Балка) туулган
Акын, жазуучу, драматург, котормочу, публицист, журналист Аалы Токомбаев Чүй облусунун Кемин районундагы Чоң-Кайыңды айылында туулган. Расмий документтерде анын туулган күнү 7-ноябрь деп жазылып жүрөт. Ал эми жазуучу өз эскерүүлөрүндө жаңы совет доорунун башталышын билдирген Октябрь революциясынын күнүн өзүнүн жаңы жашоосунун башталыш белгиси катары туулган күн деп белгилеп алган. А.Токомбаев Улуу Үркүндөн келгенде эне-атасынан эрте ажырап, жетимдер үйүндө өскөн. 6 айлык партиялык мектепте сабатсыздыгын жоюп, Орто Азия коммунисттик университетин бүтүргөн. "Кызыл Кыргызстан" гезитинде, Москвадагы борбордук басмада редактор, "Кыргызмамбаста" башкы редактор, Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз тил, адабият жана тарых институтунда директор, "Чалкан" журналынын редактору болуп иштеген. Кыргыздын тунгуч гезити Эркин-Тоонун 1924-жылы 7-ноябрда басылып чыккан алгачкы санында анын "Октябрдын келген кези" аттуу ыры жарыяланган. Кийинчерээк "Аялдар айнеги", "Эмгек гүлү", "Атака", "Абалкы ырлар", "Туткун Марат" поэмасы, "Иргелген ырлар", "Тууган эл" жана башка жыйнактары, "Днестр терең деңизге куят", "Жараланган жүрөк" повесттери жана башка көптөгөн ыр, аңгемелеринин үч томдугу кыргыз тилинде, үч томдугу орусча жарык көргөн. Ыр менен жазылган "Таң алдында" аттуу романы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон. Көп эмгектери чет тилдерине которулган. Өзү бир катар дүйнө элдеринин жазуучуларынын чыгармаларын которгон. Кыргыз ССР Жогорку Советине төрт жолу депутат болуп шайланган. Социалисттик Эмгектин Баатыры, эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери, медалдар менен сыйланган. Ошондой эле, Аалы Токомбаевдин бир нече ыры музыкага салынып эл арасында ырдалып жүрөт. Алардын ичинен сүйүү темасындагы "Мунарым" ("Муңдашым Мунар кайдасың", обону Асанкалык Керимбаевдики) аттуу ыры өткөн кылымдын 80-жылдарында өтө белгилүү болгон. Аалы Токтомбаев улутчул, Япониянын пайдасына иштеген чыккынчы деген жалаа менен өз заманынын көптөгөн сабаттуу, алдыңкы адамдары менен катар 1937-жылы камакка алынып, 1939-жылы гана бошотулган. Ошол кезде акындын түрмөгө чейинки бардык чыгармалары жок кылынып кеткен.
Жазуучу алгачкы чыгармаларынан тартып "Чалкар", "Балка" деген каймана аттарды колдонгон. Аалы Токомбаев өмүрлүк жубайы Зейнеп Сатбаева менен 1926-жылы Ташкент шаарында Орто Азия коммунисттик университетинде окуп жүрүшкөндө баш кошушкан. Алар төрт балуу болгон. Аалы Токомбаев 1988-жылы 84 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын эстелиги 1995-жылы Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жанында орнотулган. Жазуучунун кичүү уулу Улан Токомбаев өз атасынын жолун жолдоп, колуна калем кармап ыр жазып, драматург, сценарист катары да таанылган. Ал Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Улан Токомбаевдин жубайы Светлана да белгилүү акын, уулу Шербото Токомбаев болсо орус тилинде ыр, аңгеме жазат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан