30- Декабрь 1922 -жылы Советтик социалисттик республикалардын биримдиги (СССР) түзүлгөн

СССР Советинин I курултайы өткөрүлүп, анда Советтик Социалисттик Союздук Республикасын уюштуруу туурасында тарыхый чечим кабыл алынган. Совет мамлекети адегенде Орусия Советтик Федеративдик Социалистик Республикасы (РСФСР), Украина жана Беларусь Советтик Социалисттик Республикалары, Закавказия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикаларынан куралган.СССР - дүйнөнүн аянты боюнча эң чоң мамлекети болуп, экономикалык жана аскердик күчү жактан экинчи, калкынын саны боюнча үчүнчү орунда турган. 1956-жылдан 1991-жылга чейин СССРдин курамына 15 мамлекет - Орусия, Украина, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Азербайжан, Литва, Молдавия, Латвия, Тажикстан, Армения, Түркмөнстан, Эстония кирген.

1991-жылы 25-декабрда Беловежск токоюнда Орусиянын президенти Борис Ельцин, ошол кездеги Украинанын президенти Леонид Кравчук жана Беларусь Республикасынын Жогорку Кеңешинин ошондогу төрагасы Станислав Шушкевич СССРдин жоюлуп, анын ордуна КМШнын түзүлгөндүгү тууралуу келишимге кол коюшкан

Мына ошол "Беловежск келишимине" кол коюлгандан кийин Михаил Горбачёв түз телеберүүдөн жалпы СССР элине кайрылуу жасап, өзүнүн ордун бошотуп, башкарууну Орусиянын президенти Борис Ельцинге өткөзүп бергенин билдирген. Бул кайрылуудан кийин Кремлден СССРдин желеги түшүрүлгөн.

Владимир Ленин, Иосиф Сталин, Георгий Маленков, Никита Хрущёв, Леонид Брежнев, Юрий Андропов, Константин Черненко, Михаил Горбачёв СССРдин башкаруучулары болгон.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан