19- Ноябрь 1711 -жылы орус окумуштуусу, акын, сүрөтчү, ойчул Михаил Ломоносов туулган
Орус окумуштуусу, акын, сүрөтчү, ойчул Михаил Васильевич Ломоносов Архангельский губерниясында туулган. Ал 19 жашка чейин жашаган Орусиянын түндүгү абдан бай маданий салттары, элдик өндүрүшү менен өзгөчөлөнгөн. Ал эми сабаттуу адамдар дыйкандардын арасында да жетиштүү болгон. Михаил окуганды, жазганды бала кезинен эле үйрөнгөн. 1730-жылы бийликтин уруксаты менен Ломоносов Славян-Грек-Латын академиясына окуу үчүн Москвага келет. Бирок мурда дыйкандардын балдарын бул окуу жайга кабыл алышчу эмес, ошондуктан Ломоносов дворянин деген жалган документ менен өтөт. Кийин анын калпы ачылып, ал эки жолу суракка алынат, ал дыйкандын уулу экенин мойнуна алууга аргасыз болот. Бирок бир чети Ломоносовдун өтүнүчү, экинчи жактан анын өтө гумандуулугу эске алынып окуудан чыгарылган эмес. Академиянын 13 жылдык программасын ал 4 жылда өздөштүрүп, алдыңкы окуучулардын катарында сенаттын буйругу менен 1735-жылы Петербургга Илимдер академиясына келет. 1736-жылы күзүндө химия илимин өздөштүрүү үчүн Германияга жолдомо алат. Ломоносовдун көп жактуу эмгектериндеги башкы максат орусиялыктарды агартуу, орустун балдарынан чыгаан окумуштууларды чыгаруу болгон. 1755-жылы Ломоносовдун демилгеси боюнча бүгүнкү күндө анын атын алып жүргөн биринчи орус университети негизделип, аны менен кошо гимназия да ачылган.
Михаил Ломоносов 1765-жылы 15-апрелде Санкт-Петербург шаарында 53 жашында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан