19- Ноябрь 1988 -жылы Ырчы Омар төрөлгөн
Сахнага Омар деген ысым менен чыгып жүргөн ырчы, Юрмалада өткөн "Жаңы толкун" сынагында Алла Пугачёванын сыйлыгына татыган, "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси Өмүрбек Жанышов Бишкек шаарында төрөлгөн.
Омар 1995-жылы мектепке барып, ал эми 2007-жылы Бишкектеги Финансы техникумун, 2012-жылы КМУнун юридика факультетин бүткөн. 
Техникумда маданий иш-чараларга катышып жүрүп, “2006-жылдын алтын үнү” грамотасы менен сыйланган. Өмүрбек алгачкы жолу чоң сахнага Омар аттуу ысым менен 2008-жылы Мирбек Атабековдун концертинде чыгып, кыргыз эстрадасында өзүнүн сапарын баштаган. Репертуарында кыргыз, орус, англис тилдеринде ырлары бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан