реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG

13-январь, 1977-жылы Англиялык актёр Орландо Блум туулган

Дүйнө
Англиялык актёр Орландо Жонатан Бланчард Блум Англиянын Кэнтербери шаарында туулган. Ал 4 жашка чыкканда атасы каза болуп калып, эжеси Саманта менен Орландону тарбиялоо түй­шүгү жалгыз апасында калган. Апасы ага музыка, театр жөнүндө көп айтып бергендиктен, Орландо театр менен өтө эле эрте "ооруган". 16 жашка чыкканда өз шаарын таштап, актёрлук билим алуу үчүн Лондонго келген. 1998-жылы Орландо бактысыз окуяга туш болгон. Кезектеги съёмкалардын биринде чатырга чыгып баратып, бийиктиктен кулап түшкөн да, натыйжада, далысын кокустатып алган. Врачтар эми баса албай калат деп жыйынтык чыгарганына карабай, Орландо бир жумадан соң таяк менен басып кеткен. Орландо Блум тартылган тасмалар: "Шакектер шаасы", "Кариб деңизинин каракчылары", "Троя", "Элизабеттаун", "Шаарлар", "Нью-Йорк, мен сени сүйөм!" жана башкалар. (41 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяныга кирди:

Окуялар:
8917;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: