16- Сентябрь 1932 -жылы Мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеев туулган
Мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеев Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында төрөлүп, 2003-жылы Бишкек шаарында каза болгон. Арстанбек Дүйшеев 1954-1960-жылдары Жумгал, Тоң районун чарбаларында ветеринар врач, директор болуп иштеп, 1960-1971-жылдары Кыргызстан КП Жумгал райкомунун 2-катчысы, Өзгөн райкомунун, Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы, 1979-жылдан Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, 1981-1986-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1986-жылдан Кыргызстан Ветеринария илим изилдөө институнун директору болгон. Арстанбек Дүйшеев 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген кызматкери наамына ээ болгон. Ал Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан