17- Ноябрь 1906 -жылы "Honda" компаниясынын негиздөөчүсү, япониялык инженер Соитиро Хонда туулган
"Honda" компаниясынын негиздөөчүсү, япониялык инженер Соитиро Хонда Япониянын Хамаматсу аттуу агрардык провинциясында кедей темир устанын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Соитиро Хонда 8-классты аяктап, Токио шаарына аттанган. Борбордо 6 жыл машина оңдоочу жайда үйрөнчүк болуп иштеп, чогулткан акчасына өзүнүн кичи мекенинде машина оңдоочу жай ачып, чоң бизнеске кадам таштаган. Анын “Хонда” жеке ишканасы орто оокаттуу жарандарга багытталып, эркектерге да, аялдарга да ыңгайлуу болгон. 1945-жылы Японияда болгон катуу жер титирөөдөн улам бардык нерсесинен кол жууп калса да, өжөрлүгүнүн, эмгекчилдигинин арты менен кайра бутуна турган. Ал эми 1948-жылы белгилүү "Honda" компаниясын негиздеген. 1960-жылдары анын ишканасы чыгарган мотоциклдер дүйнөлүк рыноктогу мотоциклдердин 60 пайызын түзгөн. 1980-жылдын башында Хонда машиналары Японияда 3-орунда болсо, 1990-жылдардын башында машина чыгаруу боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлеген.
Ал “АКШда япондуктардыкындай сапаттуу машина чыгаруу мүмкүн эмес” деген мифти жокко чыгарууга да жетишкен. Анткени 1970-жылы АКШнын Огайо штатынын Мериссвиле шаарына завод курган. Заводдон сапаты жагынан Японияда чыгарылгандардан кем калбаган жаңы Хонда Аккорд машинасын чыгарып, сатыкка койгон. 1980-жылдары бул машина АКШда эң көп сатылып, 1990-жылдары да популярдуулугун сактап турган. Соитиро Хонда АКШнын машина куруу индустриясынын эң татыктууларынын катарына кирген алгачкы япондук болуп кала алган.
XX кылымдын эң көрүнүктүү инноваторлорунун бири Соитиро Хонда 1991-жылдын 5-августунда 84 жашында Токиодо дүйнөдөн кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан