19- Ноябрь 1703 -жылы Бастилия түрмөсүндө тарыхта "темир бет капчан адам" катары калган адам көз жумган
Франциядагы Бастилия түрмөсүндө тарыхта “темир бет капчан адам” катары калган адам көз жумган. “Темир бет капчан адам” тууралуу ар кандай легендалар жана маалыматтар бар. 
Айрым маалыматтарда ал Людовик XIV менен Луиза Лавальердин Луи де Бурбон аттуу никесиз баласы деп жазылган, бирок чыныгы Луи де Бурбон 16 жашында 1683-жылы каза болгон. 
Вольтер "Людовик XIVнүн доору" дил баянында “темир бет капчан адамды” Людовик XIVнүн эгиз бир тууганы деп жазган. 
Кээ бир голландиялык жазуучулар "темир бет капчан адам" ханыша Анна Австриийскаянын камергери, Людовик XIVнүн чыныгы атасы деп жазышкан. Бирок бул маалымат жалган болуп чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан