19- Ноябрь 1993 -жылы советтик режиссёр Леонид Гайдай каза болгон
Унутулгус комедиялык тасмаларды жараткан советтик режиссёр Леонид Гайдай 70 жашында оорудан улам каза болгон.
Популярдуу кинокомедиялардын жаратуучусу, советтик режиссёр, СССРдин Эл артисти, тагдырын тарых кылып жашаган Леонид Гайдай 1923-жылы 30-январда Амур областынын Свободный шаарында төрөлгөн. Леонид агасы Александр менен эжеси Августадан айырмаланып тартынчаак болуп өскөн. Буга "р", "л" тамгаларын так айта албагандыгы да себеп болгон. "Өз тагдырын өзү жасап алган" (Н.Михалков) Гайдай бала кезинен киного жакын болуп, ушул балалык кызыгуусу аны мектеп партасынан кино дүйнөсүнө алып келген. Иркутскидеги областтык театрда иштей баштаганда, согушка байланыштуу эвакуацияланып келген Москва сатира театрынын Хенкин, Поль, Лепко, Доронин, Тусузов, Слонова сыяктуу сахна чеберлеринин оюндарына күбө болуп, чоң таасир алган. 1942-жылы аскерге чакырылып, мектепте немис тилин окугандыгы үчүн Калинин фронтуна чалгындоо бөлүмүнө жиберилген. 1943-жылы жарадар болуп (бутун ампутацияга бербей койгон), өмүр бою кыйноого салган жараат алган. Госпиталдан чыгары менен мурда өзү иштеген драмтеатрдын алдындагы студияга тапшырып, аны 1947-жылы бүтүрүп чыккан. 1949-жылы Москвага келип, ВГИКтин режиссёрдук факультетине тапшырган. Ал жерден да көпчүлүктө боло бербеген ой жүгүртүүсү, ойлоп табуусу, актёрдук чеберчилиги Пырьев, Барнет сыяктуу мэтрлерди таң калтырган. Чыгармачылык башатындагы өзгөрүүлөр менен катар бул окуу жайдан өз бактысын да тапкан. Бир курста окуган, болочоктогу актриса Нина Гребешковага үйлөнүп, Оксана аттуу кыздуу болгон. Турмуш жолу өзүнчө нукка түшө баштаганда Барнеттин "Ляна" комедиясында, 1958-жылы Александр Наумовдун "Шамал" ("Ветер") фильмине тартылгандан кийин актёрлук ишти таштап (өз фильмдеринде гана эпизоддук каармандарды ойногон), калган өмүрүн режиссурага арнаган. 1955-жылдан тартып "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру болгон. 1956-жылы В.И.Невзоров менен бирге "Узак жол" ("Долгий путь") деген биринчи фильмин жараткан. Кино ишмери Михаил Ромм Гайдайдан чебер комедиограф чыгарына ишеним көрсөтүп, "Тиги дүйнөдөн келген күйөө бала" ("Жених с того света") фильминин жаралышына көмөк көрсөткөн. Бюрократтарды мыскылдаган тун комедиясы Маданият министрлиги тарабынан сынга алынып, өзгөртүү, кыскартуу менен экранга чыккан. Бул Гайдай үчүн оор сокку болгон. Кийинки жараткан идеологиялык пафостогу фильми да ийгилик алып келбей, бир жылдай кино тармагынан алыстай түшкөн Гайдай 1961-жылы Барбос ити менен байланышкан "Таптакыр тамашасы жок" ("Совершенно серьезно") кыска метраждуу фильмдери менен кайра кайтып келген. Алгачкы каармандары Балбес-Трус-Бывалый (Никулин-Вицин-Моргунов) менен иштөөнү улантып "булар баарына белгилүү, эми башка жаңы каарман түзүш керек" деп Шурик - Александр Демьяненко кошулган квартеттин катышуусунда "Ы" операциясы жана Шуриктин башка окуялары" ("Операция "Ы" и другие приключения Шурика"), "Кавказ туткуну" ("Кавказская пленница") фильмдерин жараткан. Ушул эки фильм жана "Бриллиант кол" ("Бриллиантовая рука") тасмасы үчүн (1968) 1970-жылы Мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон. 1971-жылы "12 отургуч" ("12 стульев") кызыктуу кинотасмасын, 1973-жылы "Иван Васильевич кесибин өзгөртөт" ("Иван Васильевич меняет профессию"), 1975-жылы "Болушу мүмкүн эмес" ("Не может быть"), 1980-жылдары "Спортлото - 82" сыяктуу комедиялардын алтын фондуна кирген өлбөс кинотасмаларын жараткан. Алардын артынан эле чыккан "Жашоо үчүн кооптуу" ("Опасно для жизни") (1985), "Частный детектив, или Операция "Кооперация" (1989), "На Дерибасовской хорошая погода или на Брайтон-Бич опять идут дожди" (1992) фильмдери мурунку кинотасмаларындай ийгилик алып келген эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан