19- Октябрь 1933 -жылыАбдыкерим Сыдыков НКВДнын кыйноосуна чыдабай, түшүнүк кат жазууга аргасыз болгон
Узак жылдар бою уланган А.Сыдыковду каралоо иши "өтөсүнө жетип", ага "тап душманы" деген жалган жалаа коюлуп, саясий ишмер 1933-жылдын май айында камакка алынган. Ага "контрреволюциячыл ишкер, Социал-Туран партиясынын өкүлү" деген күнөө коюлуп, тергөө иши 6 айга чукул уланган. НКВДнын кампасындагы адам чыдагыс абал жана тергөө ишинде колдонулган кыйноо ыкмалары ага кырдаалды аныкташ үчүн да 1933-жылдын 19-октябрында түшүнүк кат жазууга түрткү берген. Калем менен жазылган түшүнүк катта ал үч пункт менен коюлган күнөө эч негизсиз экендигин жана анын камакка алынышы көрө албастар тарабынан жасалгандыгын билдирген.