27- Ноябрь 1960 -жылы Украинанын 14-премьер-министри Юлия Тимошенко туулган
Саясатчы, Украинанын 14-премьер-министри Юлия Тимошенко Украинанын Днепропетровск облусунда туулган. Улуту - латыш. 1984-жылы Днепропетровск университетинин экономика факультетин артычылык менен аяктап, экономист-кибернетик адистигин алган. Экономика илимдеринин кандидаты, 50дөн ашык илимий эмгектердин автору. 1988-жылы жолдошу экөө бизнеске баш уруп, видеосалондордун түйүнүн ачышкан. 1991-жылы "Украинский бензин" корпорациясынын гендиректору болот. Кийинчерээк миллиондогон акчаларды айланткан бизнес-леди саясий жана финансылык кыйынчылыктарга туш болот, ушундан улам чоң саясатка аралаша баштаган. Саясий рейтинги менен бирге эле кийген кийими, косметикасы да коомчулуктун көңүл борборунда болгон. Леди Ю "миллиард долларлык аял" жана "газ ханышасы" аттуу каймана аттарга ээ болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан