19- Ноябрь 1942 -жылы Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлер контрчабуулга өтүшкөн
"Уран" операциясы - Улуу Ата Мекендик согушта советтик аскерлердин Сталинград стратегиялык чабуулунун жашыруун аталышы. Бул контрчабуул 1942-жылдын 19-ноябрында башталып, 1943-жылдын 2-февралында аяктаган. Контрчабуулдун максаты Сталинграддагы душмандарды курчоо жана жокко чыгаруу болуп, ага үч фронттун аскерлери катышкан: Түштүк-Батыш (генерал Н.Ф.Ватутиндин башкаруусунда), Сталинград (генерал А.И.Еременконун башкаруусунда) жана Дондун (генерал К.К.Рокоссовскийдин башкаруусунда). Үч фронттун иш-аракеттерин Башкы штабдын жетекчиси А.М.Василевский координациялаган. 
Бул чабуулда эки немис, эки румындык жана бир италиялык армия, 32 дивизия, 3 бригада жоготууга учураган. Душмандардан 800 миң, советтик аскерлерден 485 миң адам каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан