19- Ноябрь 1942 -жылы америкалык модельер-дизайнер Кельвин Кляйн төрөлгөн
Америкалык модельер-дизайнер Кельвин Кляйн Нью-Йорк штатынын Бронкс шаарында төрөлгөн. 1968-жылы "Calvin Klein Inc." жеке компаниясын негиздеген.
18 жашында Жогорку искусство мектебин аяктап, эки жыл Технологиялык мода институтунда окуган. 1962-1968-жылдары ар кайсы мода үйлөрүндө иштеп, көчөдө сүрөтчү болуп акча тапкан. 1968-жылы Нью-Йоркто досу Барри менен биргеликте "Calvin Klein, Ltd" фирмасын ачып, эркектердин кийимдери менен алектенишип, кийинчерээк аялдар кийимине өтүшөт. 1973-1975-жылдары бул фирма өнүгүп, "Coty" сыйлыгына ээ болот. 1978-жылы Кляйн биринчилерден болуп подиумда фирмалык жынсыларын сата баштайт. 1992-жылы Кляйн эркектерге да, аялдарга да жарашкан кийимдерди чыгарып "унисекс" стилинин негиздөөчүсү болуп калган. 1999-жылы өспүрүмдөр жана кичинекей балдар үчүн ич кийим чыгара баштаган. 2003-жылы Кляйн өзүнүн фирмасын 430 миллион долларга "Phillips-Van Heusen Corporation" аттуу америкалык корпорацияга сатып жиберген. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан