16- Декабрь 1991 -жылы Казакстан көз карандысыздыгын жарыялаган
Казакстан СССРдин кулашынан кийин 1991-жылы көз карандысыздыгын алып, дүйнөлүк аренада өз ордун тапкан. Түркия мамлекети 1991-жылы Казакстан көз карандысыздыгын жарыялаган соң 15 мүнөттөн кийин анын көз карандысыздыгын тааныган.
Өлкөнүн расмий аты - Казакстан республикасы. Казакстан Орто Азия менен чыгыш Европанын ортосунда жайгашкан. 2.727.300 чарчы чакырым аянт жерге ээ болуп, дүйнө жүзүндө аянтынын чоңдугу боюнча тогузунчу орунда турат. Түндүгүнөн Орусия, түштүгүнөн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан, чыгышынан Кытай эл республикасы менен чектеш. Көз карандысыздыгына чейинки, тагыраак айтканда, 1989-жылкы каттоодо элинин саны 16.464.000 адам болсо, 2012-жылы 16,8 миллионду түзгөн. Бүгүнкү күнү Казакстан дүйнөдө калкынын саны боюнча 62-орунда турат. 
Борбор калаасы Астана шаары. Чоң шаарларынан Алматы, Караганда, Чымкент, Семей, Акмоло, Шевченко, Байконур.
Өлкөдө жайгашкан көлдөр: Балхаш көлү, Арал көлү. Маанилүү дарыялары: Иле дарыясы, Иртыш дарыясы, Ишим дарыясы жана Урал дарыясы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан