реклама

9-ноябрь, 1989-жылы Берлин дубалын бузуу башталган

Дүйнө
Германиядагы капиталисттик-коммунисттик системди бөлүп турган Берлин дубалы уратыла баштаган. Элдик толкундоодон улам ГДР өкмөтү дубалды уратып, чек араны ачууга аргасыз болгон. Анын ары жагынан батыш берлиндиктер чыгыштыктарды кучак жайып тосуп алышкан. Жыл башында эле ГДР лидери Эрик Хонеккер дубал дагы 100 жылга былк этпесин айткан. Ал эми 1990-жылдын 1-июлунда ал жерден чек ара көзөмөлү таптакыр алынган.
Дубал тосмону тургузуу демилгесин Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германия Демократиялык Республикасы көтөрүп чыккан. ГДРди Варшава келишимине кирген өлкөлөр да кубаттаган. Ошентип, Берлинди батыш менен чыгышка бөлгөн дубалдын курулушу 1961-жылдын 13-августунда башталган.
Аскер күчү менен тургузулган тосмого 150 миң тоннадан ашуун цемент сарпталган. Жалпы узундугу 155 чакырымды түзүп, анын 43,1 чакырымы Берлин шаарынан өткөн. Дубал немистерди гана эмес, континентти, дүйнөнү экиге бөлүп турган. Ошонусу менен кансыз согуштун негизги символуна айланган.
30 жылга жакын өмүрүндө бетон тосмо ГДРден Батыш Германияга качкан адамдардын 1245инин өлүмүнө күбө болгон. Мындан сырткары 2007-жылдын 12-августунда "Би-Би-Си" ГДР Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин архивинен кызык маалымат тапканын жар салган. Анда өлкө бийлиги дубалдан аша качмак болгондорду баласынан карысына чейин атууга буйрук бергендиги айтылган.
  (29 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9002;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: