реклама

9-ноябрь, 1801-жылы америкалык ойлоп табуучу, ишкер Гейл Борден туулган

Дүйнө

 

Гейл Борден АКШнын Нью-Йорк штатында 1801-жылы жарык дүйнөгө  келген. Анын үй-бүлөсү 1814-жылы Кентукки штатына, андан ары Индиана штатына көчүп барып жашап калышкан. 1821-жылы Г.Борден ден соолугуна байланыштуу Миссисипи штатынын түштүк-батышына көчүп барып, мектепте мугалим болуп эмгектенет. 1829-жылы Г.Борден Техас штатына барып, шаардын алгачкы топографиялык картасын иштеп чыгат. 1835-жылы ал Томас аттуу бир тууганы менен Техас штатынын “Telegraph and Texas Register” деп аталган алгачкы гезитин негиздешкен. Ошондой эле Г.Борден аталган штаттын конституциясын түзгөнгө жардам берген.    Г.Борден деңиз жээгинде коюлуучу кийим алмаштыруучу кичинекей кабинаны дагы ойлоп тапкан. Мындан тышкары Г.Борден эттен бисквит жасоо менен алектенген. Мындай тамак узун мөөнөткө чейин бузулбай сакталып, узак сапарга чыккан адамдарга керектүү тамак-аш болгон. Бирок анын даамы жакшы эмес болгондуктан, дүйнө жүзүнө тараган эмес.

1853-жылы Г.Борден коюлтулган сүттү ойлоп таап, 1856-жылы 19-августта ага патент алган. 1856-жылы Нью-Йоркто коюлтулган сүттүн компаниясы ачылган. АКШда жарандык согуш болгон учурда коюлтулган сүткө болгон суроо-талап күчөп, Г.Бордендин компаниясынын кирешеси көбөйгөн.  Г.Борден 1874-жылы 11-январда бул дүйнө менен кош айтышкан.

  (217 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9002;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: