19- Ноябрь 1891 -жылы биринчи жолу оюнчук темир жол Германияда сатылган
Биринчи жолу оюнчук темир жол Германияда сатылган. Бирок оюнчук поезддер Англияда 1830-жылдары чыныгы темир жолдор курула баштаганда чыгарылган. 
Биринчи оюнчук темир жолу 1835-жылы Германияда жасалган. Ошол эле убакта өлкөдө кагаздан чогултулчу локомотивдер жана вагондор сатыла баштаган. Паровоздор популярдуулукка бат жетип, темирден жасалган үлгүлөр чыга баштайт. Темир жолдун биринчи макети 1859-жылы Сен-Клу сейил багында (Юзэ, Франция) Наполеон Эжен Луи Жан Жозеф Бонапарт үчүн жасалган. XIX кылымдын ортосунан баштап темир жол конструкциялоо популярдуу эрмекке айланган. 1891-жылдан тарта "Marklin" немис фирмасы аларды ири масштабда чыгара баштайт. 1897-жылы америкалык "Carlisle & Finch" ишканасы биринчи электр темир жолун чыгарган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан